akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-21-12, 06:56

    Кыргызстанда азык-түлүк боюнча абал туруктуу

    Кыргызстанда азык-түлүк боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди.

    Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугу социалдык мааниге ээ 5 өнүм боюнча - сүт, эт, картошка, жашылча-жемиштер, кумшекер, калган 4 азык боюнча - ун, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш, жумуртка, азык-түлүк коопсуздугу импорттун эсебинен камсыз кылынат.

    “Натыйжада ички агрардык азык-түлүк рыногунда туруктуу кырдаал камсыз кылынды, өзгөчө кырдаал жарыяланган жок, азык-түлүккө ашыкча суроо-талапка жол берилген жок, азык-түлүккө болгон баанын кескин өсүшү катталган жок”, - деди ал.