akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-07, 05:17

    Кыргызстан Кытайга өрүк экспорттой баштайт

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону пландоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

    Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №441-р тескемеси менен Кытайга өрүктү экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол бекитилген. 

    "Протоколду ишке ашыруу үчүн өрүк өстүрүлгөн Кыргызстандын аймагында ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен кыргыз-кытай инспекциясын уюштуруу зарыл. Жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.