akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-08, 08:15

    Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү БАЭде таанылат

    Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында таанылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

    Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелери талкууланды. 

    Эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмаштыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашылды. Буга чейин документтин тексти тараптар тарабынан макулдашылган, анда эки өлкөнүн жарандары үчүн жол коопсуздугу жана ыңгайлуулук жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экени баса белгиленген.

    Макулдашууну жыйынтыктоо үчүн 2024-жылдын 28-августунда кыргыз жана эмират тараптарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүү пландаштырылууда, анда документтин тексти такталып, кол коюуга даярдалат.