akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-10-07, 04:00

    Кыргызстан «Мир» карталарын тейлөөнү калыбына келтирүүнү көздөйт

    Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борбору россиялык “Мир” банк карталарын кайрадан тейлеп баштоо үчүн өзүнүн программалык продуктусун иштеп чыгууда. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев “Иннопром - 2024” көргөзмөсүндө билдирди.

    Анын айтымында, Кыргызстан Орусиянын “Мир төлөм” системасы менен кызматташуудан убактылуу баш тартууга аргасыз болгон.

    Себеби, Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм системасы учурда батыш өлкөлөрүнүн бирине таандык программалык камсыздоо менен иштейт.

    Эске салсак, 2024-жылдын 5-апрелинен тарта россиялык “Мир” төлөм карталарын Кыргызстанда тейлөө токтотулган.