akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-17-01, 13:43

    Кыргызстан алтынды Улуу Британияга гана сатат

    Өткөн жылдын 11 айында Улуу Британия 13 тоннадан ашык Кыргызстандын алтынын сатып алган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бул өлкөгө жеткирилген алтындын көлөмү акчалай алганда 1 миллиард 68 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

    2024-жылдын 11 айында Кыргызстандан экспорттолгон алтындын жалпы көлөмү 16,1 тоннаны же 1 миллиард 262 миллион доллар болду. Жеткирүүлөрдүн негизги бөлүгү Улуу Британияга жасалат. Башка өлкөлөр былтыркы жылдын ортосунан тарта Кыргызстандын алтынын активдүү сатып алууну токтотушкан. Кытай 129,4 миллион долларга дээрлик 2 тонна алтын сатып алууга жетишкен.

    Алтындын орточо баасы боюнча айтсак, 2024-жылы байкаларлык өсүш болгон. Кээ бир олку-солкулуктарга карабастан, Кыргызстанда алтындын бир тоннасынын орточо баасы ай ичинде октябрда 77,1 миллион доллардан ноябрда 78,4 миллион долларга чейин өстү.


    Тектеш материалды окуу