Жарыяланган
2025-20-01, 18:01Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Мындай маалымат Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мониторингинин жыйынтыгында белгилүү болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, мониторинг нан азыктарынын, картөшкө, жашылча, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалардын баасын камтыган.
"Анын жыйынтыгында Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу Казакстандын бааларынан 7 пайызга жана Россиядан 8,8 пайызга төмөн экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.