akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-23-12, 17:18

    Нарында дыйкандарды тейлөө борбору ачылды

    Нарында дыйкандарды тейлөө борбору ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбор Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын имаратында жайгашкан.

    Анда жергиликтүү фермерлер бардык керектүү кызматтарды алса болот. Тагыраагы, агрардык кеңеш, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу, өндүргөн продукцияны сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө маалымат берилет.

    Эске салсак, фермерлерди тейлөө борбору буга чейин Бишкек, Каракол шаарлары, Сузак, Кара-Суу жана Айтматов райондорунда ачылган.


    Тектеш материалды окуу