akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Минэконом КР

    Жарыяланган

    2024-09-08, 06:22

    Кыргызстан Сианьдагы эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

    Кыргызстан эл аралык «Сианьдагы Жибек жол - 2024» туристтик көргөзмөсүнө катышууда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын Кытайдагы соода өкүлчүлүгү менен Туризм департаменти Сиань шаарында өтүүчү “Сианьдагы Жибек жол - 2024” туристтик көргөзмөсүнө катышууда. 

    Белгилеп кетсек, аталган көргөзмөгө атамекендик 5 туристтик компаниянын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын уюштуруучулары Шэньси провинциясынын маданият жана туризм департаменти жана Сиань элдик өкмөтү. 

    Кѳргѳзмѳнү Шэньси провинциясынын маданият жана Туризм департаментинин директору Гао Ян жана Кытайдын элдик саясий консультативдик конференциясынын Шэньси провинциясынын комитетинин төрагасынын орун басары Гао Лин ачып, Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты.