akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-16-08, 06:21

    Кыргызстан кулпунай жана малина экспортун көбөйттү

    Кыргызстан коңшу Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл сарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда 4616,6 тонна кулпунай экспорттолгон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорку көрсөткүч. 

    Ошондой эле, 2024–жылдын январь–май айларында өлкөдөн 236 миң 572 тонна, 10,9 миллион даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 280 тоннага, 7,2 миллион даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.