akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-18-08, 04:09

    Кыргызстан балмуздактарынын дээрлик баарын Казакстанга сатат

    Январь-июнь айларында Кыргызстанга 1 миң 83,3 тонна балмуздак импорттолсо, 3 миң 58,4 тонна экспорттолду. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинен белгилүү болду.

    Мында эң көп балмуздак Казакстандан (788,4 тонна) жана Орусиядан (221 тонна) сатылып алынган.

    Өткөн жылга салыштырмалуу бир катар мамлекеттер Кыргызстанга жүк ташууну кыскартты. Алар Казакстан (-51,2 тонна), Беларусь (-19,2 тонна), Өзбекстан (-18,8 тонна) жана Литва (-6 тонна) болсо, ошол эле учурда Кыргызстан Россиядан (+68,7 тонна) жана Түркиядан (+1,2 тонна) көбүрөөк сатып ала баштаган. Ошондой эле Кытайдан 200 кг балмуздак алынып келинген.

    Муну менен бирге Кыргыз Республикасы балмуздактарды эки гана мамлекетке – Казакстан менен Өзбекстанга сатат. Товардын 99% Казакстандын рыногуна туура келет (3 миң 45,7 тонна).