akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-17-04, 10:43

    Кыргызстан өз санарип сомун чыгара баштайт

    "Улуттук банк жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 

    Мыйзамдын максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» долбоорун сыноо иретинде ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп саналат.

    Санарип сом өлкөдөгү санарип түрдөгү улуттук валюта болот. Ал Кыргызстанда кагаз акча сыяктуу эле төлөм каражаты катары колдонулат.

    Санарип сомду чыгаруу укугу Улуттук банкка берилет. 


    Тектеш материалды окуу