Жарыяланган
2024-23-12, 10:20Санарип сом колдонууга бериле элек жана ал мыйзамдуу төлөм каражаты эмес. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Учурда өлкөнүн башкы каржы мекемеси санарип валюта үчүн платформа издеп, анын укуктук макамын аныктоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Документте санарип сом 2027-жылдын 1-январынан тарта расмий статуска ээ боло турганы жазылган.
Мындан улам, Улуттук банк жарандарды этият болуп, санарип сом ишке киргени боюнча жалган маалыматтарга ишенбөөнү сунуштайт.