Жарыяланган
2024-10-05, 10:34Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кумшекерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.
Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба товарларынын олуттуу тартыштыгын болтурбоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун туруктуулугун камсыз кылууга багытталат.
Ак кантты экспорттоого тыюу салуунун ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешеси жок.