Жарыяланган
2023-16-01, 11:42Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тыюу министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кол койгон.
Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:
Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алынат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.