akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-06-09, 14:47

    Кыргызстанда 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6 миң 900 сом болот

    Кыргызстанда 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6 миң 900 сом болот.

    Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Социалдык фондго пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан баштап 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылды.

    Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар.