Жарыяланган
2025-26-03, 15:51Кыргызстанда жалпы аянты 6,5 миң чарчы километрден ашкан 10 миңге жакын чоң, орто жана кичине мөңгү бар. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы 50 жылда өлкөдө мөңгүлөрдүн саны дээрлик 15 пайызга кыскарган.
Белгиленгендей, жоголуунун көптөгөн себептери бар, эң негизгилеринин бири климаттын өзгөрүшү. Мөңгүлөр жайгашкан бийик тоолуу зонада температура жогорулап, жаан-чачындын көлөмү азаюуда.