akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-04-04, 16:52

    Президент: Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды

    Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Самарканд шаарында (Өзбекстан) өткөн «Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда билдирген.

    Форумда Жапаров соңку жылдары климаттын өзгөрүү көйгөйү байма-бай, анын ичинде БУУнун жогорку трибунасында жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын жыл сайын өтүүчү саммиттеринде көтөрүлүп жатканын белгиледи.

    Ал инфраструктурага олуттуу зыян келтирген, адамдардын өлүмүнө жана жер которууларга алып келген жер көчкүлөрдүн саны кескин көбөйгөнүн айтты. 

    «Мындан тышкары, биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз. Жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатат. Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га азайды, ал эми 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн", - деди ал. 


    Тектеш материалды окуу