Жарыяланган
2024-25-09, 18:28Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.
Анын айтымында, турак жайларды камсыздандыруу боюнча биринчи орунда Жалал-Абад облусу, андан кийин Ош, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустары турса, Чүй менен Бишкек активдүүлүгү жагынан эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөтүүдө.
Абдыжалиев кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара экенин белгиледи.