Жарыяланган
2024-03-12, 17:12Кыргызстанда 50дөй дары-дармектин түрү өндүрүлүп баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, препараттар мамлекетке кайтарылган “Айдан Фарма” фармацевтикалык заводунда чыгарылат деп пландалууда. Учурда заводдо медициналык этил спирти өндүрүлөт.
Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстан рыногундагы дары-дармектин 90 пайыздан ашыгы импорттук продукция болуп эсептелет.