akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-19-09, 12:00

    Кыргызстанда дары жана медициналык товарлардын баасы кымбаттайт

    Кыргызстанда дары жана медициналык товарлардын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

    Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өлкөдө препараттарга жана медициналык товарларга 12 пайыздык  кошумча нарк салыгы киргизилди. 

    "Документ 12-августта кабыл алынган. Буга байланыштуу дары-дармектин жана медициналык товарлардын баасы 12 пайызга көтөрүлөт деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу