akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-07, 11:33

    Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтери өстү

    2024-жылдын июнь айында бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтери мурунку айга салыштырмалуу жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

    Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,7 %) алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (1,3 %) бааларынын жогорулашына байланыштуу. 

    2024-жылдын июнунда 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 %) Казакстанда жана Орусияда белгиленди, ал Казакстанда азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (3,5 %), ал эми Казакстан менен Орусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (6,0 %) жогорулашы менен шартталган.