Жарыяланган
2025-03-02, 08:48Кыргызстанда мал-жандык экспорттоо убактылуу токтотулду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, бодо малды сыртка чыгарууга да тыюу салынды.
Мындай чечим үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү.
Кошумчаласак, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан 217 миң майда жандык жана 122,5 миң бодо мал экспорттогон. Мал-жандык толугу менен Өзбекстанга сатылган.