akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-06-03, 10:40

    Тоң районунда мөмө-жемиштен пюре чыгаруучу цех ачылат

    Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мөмө-жемиштен пюре чыгаруучу цех ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Ишканада абрикос, кулпунай жана малина кайра иштетилет. Цех күнүнө 25 тонна, бир сезондо 1 миң тоннага чейин даяр продукция өндүрүүгө жөндөмдү болот деп болжолдонууда.

    Учурда курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Керектүү шаймандар алып келинсе эле завод ишке кирет деп күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу