akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-10-07, 10:15

    Кыргызстанда орточо айлык акы 34,7 миң сомду түздү

    2024-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 710 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

    Анын айтымында, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү 11% түзгөн.

    Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу жана илимий ишмердүүлүктө байкалган.