akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-30-05, 11:55

    Өлкөдө эң көп айлыкты кимдер алары айтылды

    Кыргызстанда тоо-кен тармагы, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында иштегендер эң көп айлык алат, алардын орточо айлык акысы 60 миң сомдон жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

    Маалыматка ылайык, андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү, ошондой эле өндүрүш тармагындагы кызматкерлер көп айлык алат. Алардын орточо эмгек акысы 58,5 миң сомдон жогору жана 53,5 миң сомду түзөт. 

    5-орунда транспорт ишмердүүлүгү жана жүктөрдү сактоо тармагынын кызматкерлери - 46,9 миң сом.