akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-08-10, 15:31

    Кыргызстанда такси айдагандар лицензия алууга милдеттендирилиши мүмкүн

    Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу сунушталды. Министрлер кабинетинин мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылды.

    Белгиленгендей, учурда такси айдагандар патент менен иштеп келатат.

    Ал эми лицензия үч жылдан кем эмес руль башкаргандарга берилет. Анын болжолдуу баасы бир жылга 500-600 сом болот.

    Белгилеп кетсек, лицензия оң рулдуу автоунаалардын ээлерине берилбейт.


    Тектеш материалды окуу