akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-01-04, 09:05

    Кыргызстандагы үч шаарда сууга бааны көтөрүү каралууда

    Кыргызстандагы үч шаарда сууга бааны көтөрүү каралууда. Өкмөттүн маалыматына караганда, Кемин, Талас жана Шопоков шаарларында суу эсептегичтер орнотулуп, тариф 30-40% жогорулайт.

    Ага ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган үч калаанын калкын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо иштерине 17 млн евро бөлөт.

    Каражаттын 7,5 млн евродон ашыгы насыя болсо, калганы грант. Төрт жылга жеңилдетилген шарт менен 15 жылга бериле турган кредиттин пайыздык чени 1% түзөт.

    Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат.  


    Тектеш материалды окуу