Жарыяланган
2024-06-11, 16:35Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган уюмдун Бишкектеги саммитинде билдирди.
Бирок мамлекет башчы кайсыл өлкөлөр менен соода-алака кандай багытта өскөнүн тактаган жок.
Жапаров 2025-жылы саммит "Түрк дүйнөсүн бекемдөө, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана баарына коопсуздук" деген темада өтө турганын кошумчалады.