akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-05-12, 16:30

    Алкоголдук ичимдиктерге акциздерди кайра чаптоого мөөнөт берилбейт

    Алкоголдук ичимдиктерге акциздерди кайра чаптоого мөөнөт берилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

    Мамлекет башчысы спирт ичимдиктерди өндүргөндөр жана импорттоочулар анын дарегине кайрылуу жолдоп, акциздерди кайра чаптоонун убактысын алты айга узартып берүүнү өтүнүшкөнүн билдирди.

    Садыр Жапаров эгер өтүнүч канааттандырылса, мамлекетке алты миллиард сом түшпөй каларын айтты.


    Тектеш материалды окуу