Жарыяланган
2025-21-02, 12:14Кыргызстандык зергерлер мындан ары өлкөгө ташылып келинген жана зергерчилик буюмдарын өндүрүү үчүн колдонулган курамында металл бар рудаларга, концентраттарга, эритмелерге жана аффинаждалган металлдарга кошумча нарк салыгын төлөбөйт. Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов зергерлер буюмдарды жасоо үчүн сатып алган чийки затка салыкты алып салуу тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, зергерчилик тармагындагы бул негизги жаңылык өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамда жазылган.
"Чийки затты импорттоодо КНСти алып салуу зергерчилик тармагына стимул болуп саналат, анткени ар кандай стимул бул бизнести өнүктүрүү, ал эми бизнести өнүктүрүү кирешенин көбөйүшү жана көмүскө сектордун кыскарышы болуп саналат, анткени чийки затты көмүскөдөн сатып алуунун эч кандай пайдасы жок", - деди Алмамбет Шыкмаматов.