Жарыяланган
2025-08-01, 14:08Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун билдирди.
Ал мындай чечим “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргени менен байланыштырды. Ага ылайык, ушул жылдын 1-январынан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом алынат.
“2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт)”, - деди президент.
Ошондой эле дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды.
Эске салсак, “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчы былтыр декабрь айында кол койгон.