akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-09, 18:11

    Кыргызстанга 1,6 млн өзбекстандык туристтик максатта келди

    Быйыл жети айда 1,6 млн өзбекстандык жаран Кыргызстанга туристтик максатта келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

    Белгиленгендей, 2024-жылдын январь-июль айларында жалпысынан 3,4 млн өзбекстандык туристтик максатта чет өлкөгө чыккан.

    Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 890,5 миң адамга же 35,7%га өскөн.

    “Акчабар” буга чейин быйыл жети айда Өзбекстанга 1,2 млн кыргызстандык туристтик максатта барганын жазган.