akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-18-10, 16:25

    Быйыл сегиз айда Кыргызстан Өзбекстандан 2,7 миң тонна өрүк импорттогон

    2024-жылдын 8 айында Кыргызстан Өзбекстандан 2,7 миң тонна өрүк импорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-август айларында Өзбекстан 14 өлкөгө 62,3 млн долларга жакын 64 миң 800 тонна өрүк экспорттогон.

    Өрүктүн экспорттук наркы 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,6 млн долларга өстү.

    Өзбекстан 2024-жылдын 8 айында эң көп өрүктү экспорттогон өлкөлөр:

    • Россия - 51,5 миң тонна
    • Казакстан — 8,1 миң тонна
    • Кыргызстан - 2,7 миң тонна
    • Азербайжан - 1,5 миң тонна
    • Белоруссия - 721 тонна

    Тектеш материалды окуу