Жарыяланган
2024-01-11, 12:25Сентябрда Кытайдан Кыргызстанга электромобилдердин импорту кыскарды.
Аталган өлкөнүн Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына караганда, эки ай мурун Кытайдан Кыргызстанга 595 электромобил алып келинген. Мындан бир жыл мурун 1 миң 226 электромобил импорттолгон.
Жалпысынан ушул жылдын тогуз айында Кытайдан 5 миң 400 электр унаасы жеткирилген, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн эки пайызга көп.