Жарыяланган
2025-26-02, 14:45Кыргызстан былтыр коңшу өлкөлөрдөн 3,5 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы республикалык жалпы керектөө 18 млрд киловатт-сааттан көп болду.
Эске салсак, өлкөдө өткөн жылы болжол менен 17,5 млрд киловатт-саат электр жарыгы керектелет деп эсептелген. Анын 15 миллиарддайы өлкөдө өндүрүлөт. Калганын Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россиядан импорттоого туура келет.