akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-13-03, 09:20

    Кыргызстандан Түркияга акча которуу токтоду

    Кыргызстандыктар Түркияга акча которууну токтотту. Мындай тыянакты “Акчабар” Улуттук банктын 2024-жылдын январь айына карата акча которуулары боюнча маалыматтарды талдап чыккандан кийин чыгарды. 

    Ошентип, январда республикадан болгону 56,4 млн доллар чет өлкөгө жөнөтүлгөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,75% аз.

    Кызыгы, былтыр өлкөдөн акча которуулардын жалпы көлөмүнүн 50,8% Түркияга которулса, быйыл Кыргызстандан Орусияга 52,8 млн доллар которулган, бул жалпы операциянын 96,3%ын түзөт.