akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-11-06, 07:28

    Кыргызстандан жарандардын акча которуусу 15%дан ашык кыскарды

    Январь-апрель айларында кыргызстандыктар акча которуу системасы аркылуу 173,2 миллион доллар жөнөтүшкөн. Дээрлик бардык сумма же 88,9% Орусияга жөнөтүлгөнү Улуттук банктан маалым болду. 

    2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандардын каражаттарынын агылып чыгуусу 15,23%га кыскарган. Бул Кыргызстандан Түркияга которуулардын 68,4%га, 15,34 млн долларга чейин азайышы менен түшүндүрүлөт.

    Ошол эле учурда быйылкы жылдын төрт айында Орусияга дагы 2 миллион 660 миң доллар которулган.

    Кошумчалай кетсек, апрель айында тез которуу системалары аркылуу акчанын агылып чыгышы 233,6 миллион долларга бааланган, бул ушул жылдын март айына салыштырмалуу 3,77% көп, бирок 2023-жылдын апрелине караганда 7,1% аз.