Жарыяланган
2025-29-04, 17:42Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына 10 жаңы автобус сатып алынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, автобустар Кыргыз-ϴзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынган. Алардын баасы 740 миң долларды түздү. Анын 20 млн сому Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен берилген 500 млн сомдун эсебинен бөлүнгөн.
Автобустар япон технологиясы менен Өзбекстанда кураштырылган. Анда бардык шарты бар.
Белгилей кетсек, автобустардын келиши менен "Кызыл-Кыя шаардык автоунаа" муниципалдык ишканасында дагы 18 жумуш оруну түзүлдү. Буга чейин 38 адам эмгектенип жаткан. 2023-жылы да Кызыл-Кыя шаардык мэриясы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 10 автобус, 2 таштанды ташуучу унаа алган", - деп айтылат маалыматта.