Жарыяланган
2022-16-11, 06:32Кыргызстанда 2023-жылы туризмди өнүктүрүүгө жана ипотекалык насыялоого республикалык бюджеттен 2 миллиард, ар бир багытка 1 миллиард сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Белгиленгендей, бул каражатты “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду алат.
“2023-жылдын бюджетинде чек арага жакын жайгашкан айылдарды жеңилдетилген өнүктүрүү үчүн жыл сайын Баткен облусуна 500 миллион сом бөлүнөт”, - деп кошумчалады министр.