Жарыяланган
2023-19-01, 07:23Өткөн жылы мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1 миң 804 адам ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Берилген ипотеканын жалпы суммасы 4 миллиард 655 миллион сомду түздү.
"2022-жылдын 31-декабрына карата (“МИК” ААКнын маалыматы) электрондук порталга “Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруу жана 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияны финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында, министрлер кабинетинин токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.