akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-26-07, 10:08

    МИК уставдык капиталын 29 млрд сомго чейин көбөйтөт

    “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы 25-июлда өткөн жалпы жыйынында уставдык капиталын 2 млн 616,1 миң сомго көбөйтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Капиталды көбөйтүү ар биринин номиналдык наркы 100 миң сомду түзгөн 26 миң 161 жаңы акцияны жайгаштыруу жолу менен ишке ашырылат. Бардык акциялар Мамлекеттик инвестициялык компаниянын жалгыз акционери – президенттин администрациясында жеке жайгаштырылат.

    Капиталды көбөйтүүнү каржылоо мүлктүк депозиттер (616 млн 86,3 миң сом) жана улуттук валютадагы нак акчалар (2 млн сом) аркылуу да жүзөгө ашырылат.