Жарыяланган
2023-24-11, 07:34Кыргызстанда 600 миңге жакын бала ысык тамак менен камсыздалды, аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча форумунда билдирди.
Анын айтымында, форум КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыкты аянтча.
“Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат ”,- деди министр.