Жарыяланган
2025-11-04, 18:27Мамлкеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушунун баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаров
Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания Чыңгыз Айтматов көчөсүндө курган 612 батирди ээлерине тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, салынып жаткан турак жайлардын баалары тууралуу кеп кылды.
Жапаровдун айтымында, ипотекалык үйлөрдү "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик компаниясы жана дагы бир-эки жеке компания салып жатат. Алар кирип жашаганга даяр батирлерди Бишкек менен Чүйдө бир чарчы метрин 650 доллардан, алыскы аймактарда 700 доллардан салууда.
"Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 200 доллардан кошуп, 850 доллардан сатууда. Ортодогу 200 доллар пайда Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшөт", - деди ал.
Президент билдиргендей, үйлөрдү курган компаниялар курулуш материалдары кымбаттаганын айтып, бир чарчы метрди куруунун баасын 700-750 долларга көтөрүп берүүнү суранган.
"Бул маселени өкмөт изилдеп жатабыз, жакынкы арада чечим кабыл алабыз", - деди Жапаров.