akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-28-05, 08:20

    Мектептерде сабактарды эртерээк баштоо сунушталды

    Бишкек мэриясы калаадагы айрым мектептердин 8:00дөн эрте иштеп башташын каалайт. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

    Ошондой эле, документте менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу сабактары саат 10дон эрте баштабоону мыйзамдаштыруу сунушталууда. 

    Мэрия муну менен шаардагы тыгынды азайтууну көздөйт. 

    Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев айрым мектептерде сабактарды саат 7:00дө баштоону сунуштаган.