Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги "Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Ведомство кумар оюндарынын түрлөрү үчүн төмөнкү тарифтерди белгилөөнү сунуштайт:
- республикалык маанидеги шаарлардагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн - 84 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн - 42 млн сом;
- Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына - 25.2 млн сом;
- оюн автоматтарынын залдары үчүн - 42 млн сом;
- букмекердик дүкөндөр жана лотереялар үчүн - 10.5 млн сом.
Белгиленгендей, сунуш расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.