akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-29-02, 04:18

    Кумар оюндарынан казынага 22 млн сомдон ашык салык чогулду

    Быйылкы жылдын январь айында кумар оюндарынан салык түрүндө казынага 22 миллион 92,5 миң сом түштү. Муну Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтары тастыктайт.

    Муну менен казинолор казынаны 21 миллион 92,5 миң сомго толукташты. Букмекерлер 1 миллион сом салык төлөшкөн.

    Кошумчалай кетсек, казинодон бюджетке алгачкы төлөмдөр 2023-жылдын май айында түшө баштаган. Кыргызстанда кумар оюндары 2022-жылдын июнь айында тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан кийин кайрадан мыйзамдаштырылган.


    Тектеш материалды окуу