akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-12-07, 06:50

    Экономика министрлиги Анкаранын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

    Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин басма соз кызматы билдирди. 

    Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери, анын ичинде саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык байланыштар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. 

    Тараптар кыргыз-түрк мамилелериндеги олуттуу жетишкендиктерди белгилешип, кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине ишенимин билдиришти.

    Чоро Сейитов Анкара шаарынын мэри менен жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кызмат кылат деген ишенимин билдирди.