Жарыяланган
2025-20-02, 09:05Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчиликтин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайга барышты. Анын алкагында кыргызстандыктардын укугун коргоо, мекенине кайтаруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле элчиликтин кызматкерлери кармалып турган Кыргызстандын жарандарына укуктук кеңеш берилип, суроолорго жооп беришти. Жарандар тарабынан борбордун кармоо шартына нааразылык болгон эмес.