Жарыяланган
2025-15-01, 12:35Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, чогултулган ноутбуктар сыноодон ийгиликтүү өттү.
“Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Учурда бул ноутбуктарга “Санарип кампа”, "Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат.
Анын алкагында мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга өтөт.