akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-16-07, 06:04

    Чүй облусун газдаштырууга 9,8 млн сомдук насыя берилди

    “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоорунун алкагында Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК жеңилдетилген насыяларды берүүдө. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Насыя берүүнүн көлөмү 1 млрд сомду түзөт. 2024-жылдын 11-июлуна карата республиканын 73 финансылоочу субъектилерине жалпы суммасы 9,81 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди.